Жагымдуу аба ырайынын башталышы менен Бишкек шаарында жеке мобилдүүлүк каражаттарын — электросамокаттарды, велосипеддерди жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын — колдонуу сезону активдүү башталат.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында шаар аймагында электросамокаттарды кыска мөөнөттүү ижарага берүү кызматын көрсөткөн кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө операторлордун ишмердүүлүгүн колдонуудагы мыйзамдарга жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык келтирүү, ошондой эле шаардык чөйрөдө электросамокаттарды пайдалануунун тартибин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө сервисти колдонгон жарандарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча, анын ичинде электросамокат ижарага алып жатып жол кыймылынын эрежелерин бузган колдонуучуларга карата санкцияларды колдонуу тууралуу сунуштар берилди. Эрежелерди бузган колдонуучуларга карата мобилдик тиркеме аркылуу электросамокат ижарага алуу кызматына жеткиликтүүлүктү убактылуу же толук чектөөгө чейин жоопкерчиликтин натыйжалуу механизмдерин киргизүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Бул шаардык чөйрөдө өз ара урмат-сыйды жана мыйзамдуулукту калыптандырууга өбөлгө түзөт.