2026-жылдын 26-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти «Бишкек шаардык транспорт» ишканасына караштуу автобустардын эртең мененки каттамдарга чыгар алдындагы техникалык жана санитардык абалын кезектеги текшерүүдөн өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым автобустардын техникалык абалында мүчүлүштүктөр аныкталып, аларга линияга чыгууга тыюу салынды. Ошондой эле кээ бир автобустардын тышкы көрүнүшү жана тазалыгы белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен, аларды кайрадан жууп-тазалоо боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, техникалык абалды талаптагыдай көзөмөлгө албагандыгы, коомдук транспорттун трафареттерин тийиштүү деңгээлде текшербегени жана белгиленген нормаларга ылайык келбегендиги үчүн айрым текшерүүчү механиктерге эскертүү берилип, колоннанын механигине сөгүш жарыяланды.
Урматтуу коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү! Автобустардын ичинде тазалыкты сактоону, таштанды калтырбоону жана салондо тамак-аш калдыктарын калтырбоону өтүнөбүз.

