"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы жаан-чачын учурунда пайда болгон суу каптоолорду жоюу жана жаан суусун кабыл алуучу торчолорду тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата төмөнкү аймактарда тазалоо иштери аткарылды:
Биринчи май районунда – 35 жаан суусун кабыл алуучу торчо;
Ленин районунда – 25 торчо;
Октябрь районунда – 20 торчо;
Свердлов районунда – 30 торчо.
Мындай иштер жаан-чачын маалында да, пландуу тартипте да туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.
Торчолордун толуп калышынын себеби – айрым тургундардын арыктарга, лотокторго жана жаан суусун кабыл алуучу кудуктарга тиричилик жана курулуш калдыктарын таштоосу болуп саналат. Таштандылардын топтолушу жаан сууларынын туура агып кетишине тоскоол болуп, шаардын айрым аймактарында суу каптоосуна алып келиши мүмкүн.
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын тазалыкты сактоого жана борбор калаанын ирригациялык тармагына таштанды таштабоого чакырат.
Шаардын санитардык абалын камсыз кылуу жана суу каптоолордун алдын алуу боюнча иштер улантылууда.




