Бишкек шаарында 2026-жылдын 24-февралдан 27-февралга чейин «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде жаш спортчулар арасында каратэ-до боюнча 18-эл аралык «BISHKEK OPEN – 2026» турнири өтүүдө.
Турнирге Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын командалары катышууда. Жалпы катышуучулардын саны 1000ден ашык спортчуну түзүп, алар төрт өлкөдөн келген 38 команданын курамында күч сынашууда.
Мелдештин уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Бишкек шаардык каратэ-до федерациясы болду.
Турнир каратэ-дону аймакта өнүктүрүүгө, жаш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатууга, эл аралык кызматташууну бекемдөөгө жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.





