Бишкек шаарында Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин директорлору менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Кеңешме Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматовдун жана директордун орун басары Рустам Алишеровдун төрагалыгы алдында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин жетекчилери жамаатка тааныштырылып, 2026-жылга карата иш-пландар талкууланды. Негизги талкууга алынган темалар борбор калаада балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүгө, массалык спорттук иш-чараларды уюштурууга, жаштар демилгелерин колдоого жана спорттук туризмди өнүктүрүүгө бурулду.
Ошондой эле кеңешмеде спорт мектептеринин инфраструктурасын жакшыртуу, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, шаардык, республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүү, ошондой эле спорттук резервди даярдоо маселелери каралды. Айрыкча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринде шарттарды жаңылоо жана жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек шаарында спортту мындан ары өнүктүрүүгө жана жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу багыттар аныкталды.





