Бүгүн, 2025-жылдын 27-февралында, Бишкек шаарында предметтик олимпиаданын шаардык этабы башталды. Бул интеллектуалдык таймашка борбор калаадагы жалпы билим берүү уюмдарынын 145 окуучусу — райондук этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери катышууда.
Олимпиада эки аянтчада өткөрүлүүдө: №67 мектептин базасында жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде.
Салтанаттуу ачылыш аземи И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болуп өттү. Иш-чарада Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышуучуларга кайрылып, окуучуларга жогорку жыйынтыктарды жана ийгиликтерди каалады.
Шаардык этаптын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышат. Ошондой эле алар олимпиаданын республикалык этабында борбор калаанын намысын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучуларынын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана алардын жөндөмдүүлүктөрүн ачууга шарт түзүүгө ырааттуу колдоо көрсөтүп келет.



