Бишкек шаарында 2026-жылдын 19-февралынан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин 9–11-класстарынын окуучулары үчүн «Кесиптик компас» аталышындагы семинарлар өткөрүлүүдө.
Семинарлар Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан департаментке караштуу Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш менен биргеликте уюштурулууда.
Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар келечектеги кесибин туура тандоого багыт бере турган практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү алышууда. Программа жумшак көндүмдөрдү (soft skills), лидерлик сапаттарды, медиасабаттуулукту жана чечендик чеберчиликти өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле катышуучулар эмгек рыногунун заманбап талаптары жана кесиптик тепкич боюнча өсүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат.
Ар бир семинарга бир учурда үчкө чейин мектеп катышууда, жалпы долбоор шаардагы 30 мектепти камтыйт. Сабактар интерактивдүү тренингдер жана практикалык тапшырмалар форматында өтүп, командада иштөө, убакытты туура пайдалануу, анализдеп ой жүгүртүү жана натыйжалуу коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Өзгөчө көңүл окуучулардын лидерлик сапаттарын, жоопкерчилигин жана демилгечилдигин калыптандырууга, ошондой эле маалыматты талдоо жана коомчулук алдында эркин сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө бурулууда.
«Кесиптик компас» семинарлары окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана кызыгууларынын тереңирээк арттыруусуна өбөлгө түзүп, келечектеги кесиптик багытын аң-сезимдүү тандоого жардам берет жана ийгиликтүү карьера курууга даярдайт. Иш-чаралардын жыйынтыктары уюштуруучулар тарабынан талданып, программаны мындан ары өркүндөтүү жана борбор калаадагы мектептерди кеңири камтуу боюнча иштер улантылат.




