2026-жылдын 28-февралында «Газпром – балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде Бишкек шаарынын көркөм гимнастика боюнча чемпионатынын салтанаттуу ачылышы өттү.
Мелдешке ӨРАБӨМ, БӨСМ жана Кыргыз Республикасынын спорттук клубдарынын гимнасткалары катышууда. Бул жылы чемпионат ачык форматта өтүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген спортчуларды кошкондо жалпы 150гө жакын катышуучуну бириктирди. Турнирде 2013-жылы туулган жана андан улуу спортчулар күч сынашууда.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, чемпионат борбор калаа үчүн маанилүү спорттук иш чара жана көркөм гимнастиканын чоң майрамы экенин белгиледи.
«Бүгүн биздин шаарда таланттуу жаш гимнасткалардын жаңы мууну өсүп келе жатканын көрүп жатабыз. Силердин араңарда келечектеги спорт чеберлери жана олимпиада чемпиондору бар экенине ишенем. Ар бириңерге ишеним, жаркын чыгыштар жана татыктуу жеңиштерди каалайм. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана спорттук иш-чараларды колдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп Бишкек шаарынын мэринин орун басары белгиледи.
Чемпионат эки күнгө — 28-февралдан 1-мартка чейин уланат. Анын алкагында гимнасткалар көп түрдүү жана финалда жеке таймаштар боюнча чыгышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталат.
Иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы жана Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы болду.







