Бишкек шаарында 2026-жылдын 3-мартынан тартып жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө.
Эми, Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.
Каттамдын кыймыл багыты Б. Алыкулов көчөсү, Л. Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.
Аталган каттам шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында уюштурулду жана эскерте кетсек, №35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.
Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.
Алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөт жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланылаарын эске салабыз.
