2026-жылдын 1-мартында Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМ базасында өспүрүмдөр жана чоңдор арасында сумо күрөшү боюнча Бишкек шаарынын Кубогунун салтанаттуу ачылыш аземи болду.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адилет Ибраев жана Кыргыз Республикасынын сумо күрөшү ассоциациясынын президенти Айбек Чекошев катышты. Алар өз сөзүндө спортчуларга ийгиликтерди каалап, мындай мелдештер сумону жайылтууда жана жаштар спортун өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгилешти.
Турнирдин ачылышы барабанчылардын чыгармалары, музыкалык номерлер жана эң жаш 5 жаштагы сумочу кыздардын көрсөтмө беттештери менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.
Мелдешке Бишкек шаарынан, Чүй облусунан, Сокулук районунун Алга жана Күнтуу айылдарынан, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Тору-Айгыр айылдарынан келген 200дөн ашуун спортчу, ошондой эле Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университинин студенттери катышууда. Турнир үч жаш курак категориясында өтүүдө: 12 жашка чейинкилер, 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жана 18 жаштан жогорку чоңдор.
Белгилей кетсек, бул мелдеш Бишкек шаарынын биринчилиги катары төртүнчү ирет уюштурулуп жатат жана быйыл алгач ирет өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген командалардын катышуусу менен ачык форматта өтүүдө.
Турнирдин уюштуруучулары - Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Кыргыз Республикасынын сумо күрөшү ассоциациясы жана Бишкек шаарынын сумо күрөшү федерациясы менен биргеликте өткөрүлдү.






