Бишкекте мектеп окуучуларынын волейбол боюнча Мектеп лигасынын шаардык этабы өткөрүлдү. Мелдешке борбор шаардын төрт районунун жеңүүчүлөрү катышты.
Шаардык этапка райондук турнирлерде 1–4 орунга ээ болгон 16 мектеп командалары катышты.
Бишкек шаарында Мектеп лигасы 13 спорттук түр боюнча өткөрүлөт: бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, балдар жеңил атлетикасы, жеңил атлетика, кичи-футбол, стол үстүндөгү теннис, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат.
Волейбол боюнча шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
Балдар арасында:
•I орун – №62 мектеп, Октябрь району;
•II орун – №105 мектеп, Свердлов району;
•III орун – №96 мектеп, Ленин району.
Кыздар арасында:
•I орун – №72 мектеп, Ленин району;
•II орун – №95 мектеп, Ленин району;
•III орун – №62 мектеп, Октябрь району.
Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, жеңүүчүлөргө Ысык-Көлдө жазгы эс алуу мүмкүнчүлүгү берилди.
Мелдешти Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.





