Бишкек шаарынын муниципалитетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйында 2025-жылы курулган жолдордун абалы боюнча чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы угулду. Талкуунун жыйынтыгында мэрдин орун басары аткарылган жол курулуш иштеринин сапатын комплекстүү текшерүү үчүн атайын жумушчу комиссия түзүүнү тапшырды.

Комиссияга 10 күндүн ичинде объектилерди текшерип чыгып, мыйзам бузууларга жол берген подряддык уюмдар боюнча сунуштарды киргизүү милдети коюлду. Ак ниетсиз компанияларды подрядчылардын “кара тизмесине” киргизүү маселеси каралат. Мындан тышкары, иштерди көзөмөлдөө жана кабыл алуу процессинде кемчиликтерге жол берген кызматкерлерге карата тартиптик чаралар, анын ичинде кызматтан бошотууга чейин чара көрүү тапшырылды.

Төрт административдик райондун башчыларына аба ырайы жылыгандан аныкталган кемчиликтерди ыкчам жоюу милдеттендирилди.

«2026-жылы Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылы өз милдеттенмелерин так  аткарбаган подряддык уюмдар менен кызматташпайт», — деп белгиледи мэрдин орун басары.

Жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана жакшыртуу Бишкек шаарынын мэриясынын өзгөчө көзөмөлүндө калууда. Аба ырайы ыңгайлуу болгондо аныкталган бардык кемчиликтер жоюлуп, ошондой эле борбор калаада жаңы жолдорду куруу жана реконструкциялоо иштери башталат.