2026-жылдын 26-февралынан 1-мартына чейин Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2009–2011-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасында бел боо күрөшү боюнча «Казакстан элинин Ассамблеясынын сыйлыктарына арналган бел боо күрөшү фестивалы» аттуу эл аралык турнир өткөрүлдү. Мелдешке дүйнөнүн 7 өлкөсүнөн спортчулар катышты.
Үстөл үстүндөгү жана улуттук спорт түрлөрү боюнча АРБӨСМ тарбиялануучулары Бишкек шаарынын курама командасынын намысын татыктуу коргоп, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар төмөнкүдөй байгелүү орундарды багындырышты:
Кадырбеков Эльман (45 кг) — 3-орун;
Уметалиев Эмир (50 кг) — 3-орун;
Турдакунов Кааба (65 кг) — 3-орун;
Койчубаев Темирлан (71 кг) — 3-орун;
Тоялиев Калысбек (65 кг) — бел боо күрөшү боюнча 2-орун, алыш күрөшү боюнча 3-орун.

