Бишкекте Nomad Sport компаниясынын 8 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү Nomad Awards сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул иш-чара чуркоо сезонуна жыйынтык чыгаруу жана спорттук коомчулук менен мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматташтыгын чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана өнөктөштөр катышты.
«Бишкек мэриясы шаар тургундарын активдүү жана сергек жашоого үндөгөн демилгелерди ар дайым колдойт. Nomad Sport долбоорлору борбор калаанын имиджин көтөрүүгө жана улуттун ден соолугуна чоң салым кошууда. Биз мындан ары да шаар тургундары үчүн масштабдуу спорттук иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтө беребиз», — деди Виктория Мозгачева.
Уюштуруучулар иш-чараларды өткөрүүдө жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөн шаардык кызматтарга ыраазычылык билдиришти. Кеченин маанилүү бөлүгү болуп Nomad Run Hub – чуркоо коомчулугун, машыктыруучуларды жана бренддерди бириктирген бирдиктүү мейкиндиктин тааныштырылышы болду.
Акыркы 8 жыл ичинде Nomad Sport мэрия менен тыгыз кызматташтыкта чуркоону массалык кыймылга айландырып, миңдеген адамдарды бириктире алды. Эгер 2018-жылы катышуучулардын саны 2 204 болсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13 010 адамга жеткен. Жалпы сегиз жыл ичинде жарыштарга 64 миңден ашуун адам катышты.
Nomad Awards 2026 иш-чарасы спорт маданиятын өнүктүрүү шаар менен коомчулуктун натыйжалуу кызматташуусунун жыйынтыгы экенин дагы бир жолу тастыктады.







