Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-аш үчүн төлөм жүргүзүүнүн тартиби тууралуу маалымдайт.

Ар бир балага жеке  эсеп берилет жана райондук билим берүү башкармалыктары катышуу табелинин негизинде ай сайын ар бир бала үчүн өзүнчө төлөм эсебин түзүшөт. Жеке эсептин реквизиттери жана төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) бала бакчанын администрациясы тарабынан берилет.

Тамак-аш үчүн төлөмдү баланын жеке эсебине гана жүргүзүү зарыл — банк мекемелери, почта бөлүмдөрү же электрондук төлөм системалары (MegaPay, MBank, О!Деньги жана башка жеткиликтүү сервистер) аркылуу.

Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жеке эсептерине акча которууга, ошондой эле белгиленген өлчөмдөн ашык сумма төлөөгө жол берилбейт. Накталай акча берүү да тыюу салынат.

Эсептөө же төлөм маселелери боюнча суроолор жаралса, райондук билим берүү башкармалыктарына токтоосуз кайрылууңуздарды суранабыз.