2026-жылдын 2-февралында Бишкек шаарындагы №68 мектепке чейинки билим берүү уюмунда мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусу менен пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каржылык тартиптин бузулушу аныкталды. Белгилүү болгондой, айрым тарбиячылар балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдөрдү өздөрүнүн жеке электрондук капчыктарына кабыл алып, белгиленген өлчөмдөн ашыкча каражат чогултуп келишкен.
Мындан тышкары, мекеменин жетекчилиги жана чарба бөлүмүнүн башчысы бул көрүнүш тууралуу маалым болгондугуна карабастан, аны токтотуу боюнча чара көрүшкөн эмес. Натыйжада, кызмат адамдарынын катышуусу менен мыйзамсыз акча чогултуунун туруктуу схемасы түзүлгөнү аныкталды. Аталган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу белгилерин камтыйт жана жооптуу кызматкерлердин кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгын көрсөтөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча муниципалитет тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Бардык материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, билим берүү уюмдарынын каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлөт.




