«Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборунда 3-март — Мамлекеттик туу күнү жана 5-март — Ак калпак күнүнө арналган тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучуларга Мамлекеттик желектин түсүнүн мааниси жана түндүктүн символу тууралуу, ошондой эле улуттук баш кийим — Ак калпактын тарыхы, түрлөрү жана мааниси жөнүндө кеңири маалымат берилди. Балдарга мамлекеттик символдорду урматтоо  жана улуттук салт-санааларды сактоо айтылды.

Майрамдык программада тарбиялануучулар патриоттук ырларды аткарып, көркөм номерлер менен чыгыш, улуттук баалуулуктарды даңазалашты.

Иш-чара жаш муундун мекенчилдик сезимин калыптандырууга жана өлкөнүн маданий мурасына болгон урмат-сыйын арттырууга багытталды.