Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык маселелерине арналган комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө айыл чарба каттоосун сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду жана каттоочуларды тандоо жана тартуу маселелери каралды. Ошондой эле аларды керектүү жумушчу жайлар жана компьютердик техника менен камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук чаралар талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдагы айыл чарба каттоосун сапаттуу жана өз мөөнөтүндө өткөрүүгө багытталган кошумча милдеттер жана аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрү белгиленди.