«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Айымдардын Эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурду. Салтанаттуу иш-чара Шаршен Термечиков атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өттү.
Иш-чаранын ардактуу коноктору болуп Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев катышты.
Шаар башчысы ишкананын кызматкер айымдарын майрамы менен куттуктап, шаардын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
«Шаарыбыздын гүлдөп-өсүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, жоопкерчиликтүү жана жан үрөп иштегениңиздердин аркасында шаарыбыз күн сайын көрктөнүп, жашылданып, дагы да кооз болуп бара жатат. Сиздер Бишкектин жашыл аймактарын кеңейтип, парктарды, скверлерди, гүлзарларды жана көчөлөрдү көрктөндүрүп, борбор калаанын тургундары үчүн кооздук, ыңгайлуулук жана жакшы маанай тартуулап келесиздер», — деп белгиледи мэр.
Иш-чаранын алкагында ишкананын бир катар кызматкерайымы ак ниет эмгеги жана борбор калааны көрктөндүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталар жана эстелик белектер менен сыйланышты.
Майрамдык маанайды Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери жана кыргыз эстрада жылдыздары катышкан концерттик программа көркүн ачты. Коноктор жана катышуучулар музыкалык номерлерге бай майрамдык программадан ырахат алышты.





















