Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын чыңдоо, жашылдандыруу жана борбор калаанын аймагын жалпы көрктөндүрүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаар аймагында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик жарыяланды.

Ага ылайык, 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин борбор калаанын аймагында тартипке келтирүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Ишембиликтин алкагында көчөлөрдү, парктарды, скверлерди жана короолорду санитардык тазалоо, бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, коомдук жайларды көрктөндүрүү, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин айланасындагы аймактарды талаптагыдай абалга келтирүү иштерин жүргүзүү каралган.

Мындан тышкары, эки айлык ишембиликтин алкагында менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар, уюмдар жана мекемелер да тартылат.

Административдик райондордун башчыларына муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу иштерин уюштуруу жана координациялоо тапшырылды. Ошондой эле объекттердин ээлери, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери жана калк менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, коомдук уюмдарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди тартуу, катуу тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууну уюштуруу, башаламан таштанды төгүү жайларынын пайда болушуна жол бербөө жана аймактардын санитардык абалын, анын ичинде базарлар менен кичи базарлардын абалын көзөмөлдөө милдеттендирилди.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы №150 токтому менен бекитилген Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 168-бөлүгүнө  ылайык, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле жарандар мэрия тарабынан өткөрүлүүчү санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү айлыктарына өздөрүнө бекитилген жана чектеш аймактарда активдүү катышууга тийиш.

Белгилей кетсек, эки айлык ишембилик Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын чыңдоо, жашылдандыруу жана шаар аймагын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы борбор калааны көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембиликтин алкагындагы иш-чараларга активдүү катышууга чакырат.