Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен бирге реконструкциядан өткөн №39 орто жалпы билим берүү мектебине барышты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө алар окуу класстарынын, спорт залдарынын жана футбол талаасынын абалын карап чыгышты.
Мектептин аймагында ижарага берилген бөлмө да аныкталган. Мэр тиешелүү кызматтарга анын пайдаланылышынын мыйзамдуулугун текшерип, мындай ишмердүүлүктү токтотууну тапшырды.
Бектурсун Алымов атындагы №39 жалпы билим берүү мектеби Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы 4/1 дарегинде жайгашкан. Билим уясы 1971-жылы курулган. Мектептин жалпы аймагы 2,047 гектарды түзөт.
Мектеп 1190 окуучуга эсептелген. Ал эми 2025–2026-окуу жылында бул жерде 55 класста 1648 окуучу билим алууда. Алардын ичинен 23 класс кыргыз тилинде (617 окуучу) жана 32 класс орус тилинде (1031 окуучу) билим алышат. Окуу процесси эки нөөмөт менен жүргүзүлөт.
Мектепте 61 окуу кабинети, медициналык кабинет, эки спорт залы, 120 орундуу ашкана, 80 орундуу актовый зал жана кол өнөрчүлүк ийрими үчүн кабинет бар.
Реконструкциянын алкагында имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мектеп аймагы көрктөндүрүлүп, футбол талаасы курулуп, жашылдандыруу иштери аткарылган.










