2026-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы көргөзмө зал-галереясында «Фрунзелик аэроклуб – баатырлардын мектеби!» аттуу тарыхый-документалдык көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү.
Көргөзмө Фрунзе аэроклубунун түзүлгөн күнүнө, ошондой эле 1944-жылдын март айында эрдик көрсөткөн Советтер Союзунун Баатыры Исмаилбек Таранчиевдин каармандыгына арналды.
Иш-чара Бишкек шаарынын мемориалдык музейлеринин Бириккен дирекциясы жана Кыргыз-Орус Славян университетинин Тарыхый-маданий мурастар борбору тарабынан биргеликте уюштурулду.
Экспозициянын негизин архивдик документтер жана тарыхый сүрөттөр түзөт. Алардын ичинде Фрунзе аэроклубунда алгачкы учкучтук даярдыктан өтүп, кийин Советтер Союзунун Баатыры наамын алган учкучтардын портреттери өзгөчө орунду ээлейт.
Көргөзмөнүн максаты тарыхый эстутумду сактоо жана авиация баатырларынын эрдигин түбөлүккө калтыруу болуп саналат.




