2026-жылдын 12-мартында мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте борбор калаадагы бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин кыдырып, иштин жүрүшү менен таанышты.
Инспекциянын биринчи пункту Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок болду. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бекитилген долбоорго ылайык даярдык иштерин баштоону, ошондой эле курулуш иштерине тоскоолдук кылган объектилерге эскертүү берүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Андан соң мэр Бакаев көчөсүн Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин улантуу боюнча жол ачуу иштеринин жүрүшүн текшерди. Жооптуу кызматтарга тротуарларды төшөө учурунда шаар тургундарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле аткарылып жаткан курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө тапшырылды.
Кийинки объект — жаңы заманбап Жаш техниктер станциясы болду. Учурда бул жерде имараттын ички жасалгалоо жана фасаддык иштер жүрүп жатат. Беш кабаттуу имаратта окуу кабинеттеринен тышкары обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана актовый залдар, китепкана жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө арналган башка кабинеттер болот. Ошондой эле аймакта спорт аянтчасы, линейкаларды өткөрүү үчүн жабык бастырма, автомоделдер үчүн аянтча, картодром жана практикалык сабактар үчүн атайын зоналар каралган.
Шаар башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөттөрүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Объектти 2026-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү милдети коюлду.
Андан кийин делегация №131 мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча корпус куруу иштерин текшерди. Долбоор бардык курулуш жана санитардык нормаларга ылайык иштелип чыккан. Учурда болжол менен 0,6 гектар аянтта эки кабаттуу имарат курулуп жатат. Анда медициналык кабинеттер, тамак-аш блогу, кызматтык жана административдик бөлмөлөр жайгашат.
Мэр коопсуздук талаптарын эске алуу менен эки кабаттын ордуна үч кабаттуу имарат куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Текшерүүнүн акыркы пункту «Орто-Алыш» суу алуучу жайы болду. Азыркы учурда бул жерде кошумча көлмөлөрдү тазалоо жана аларды суу менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы белгилегендей, Бишкек шаарынын калкынын 40 пайызы ичүүчү суу менен дал ушул суу алуучу жай аркылуу камсыздалат. Ал жайкы мезгилде шаардыктарды үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуу үчүн иштерди күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары жер астындагы суу катмарын туруктуу кармоо үчүн 12- кошумча көлмөнү куруу боюнча даярдык иштер да параллелдүү жүргүзүлүүдө. Бул жер астындагы суулар Бишкектин ичүүчү суу системасында колдонулат. Аталган иштерди жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев суу алуучу жайдын аймагына жакын жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүүнү, алардын пландарын даярдоону жана 12-кошумча көлмөнү куруу иштерин активдештирүүнү тапшырды. Белгилей кетсек, суу алуучу жайдын аймагы стратегиялык объект болуп эсептелет.























