Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат.

Буга байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорт кыймылы убактылуу жабылат.

Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.

Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштер жол тармагын  жакшыртууга, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана жол инфраструктурасын жаңылоого багытталган.

Урматтуу шаар тургундары! Жол оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.