2026-жылдын 12-мартында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Ауэзов көчөсүнө жеринде текшерүү жүргүзүлүп, соода күркө ээлерине жана сатуучуларга объекттерди демонтаж кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүү берилди.
Ишкерлерге сооданы жүргүзүү үчүн «Чынар» жана «Аламедин » базарларынан альтернативдүү соода орундар сунушталган, бирок шаар тургундары бул сунуштан баш тартышкан.
Белгилей кетсек, 2017-жылы аталган даректе 24 жер тилкеси соода объекттерин жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бул күркөлөр жашыл зонада жайгашканы аныкталды. Бул аймак жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн каралган.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы аталган соода объекттерин жайгаштыруу боюнча келишимдерди токтотуу чечимин кабыл алды. Ошондуктан күркөлөрдү демонтаж кылууга тийиш.
2026-жылдын 28-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы күркөлөрдүн ээлерине ыктыярдуу демонтаж жүргүзүү тууралуу эскертүүлөрдү тапшырган. Бирок ээлери тарабынан эч кандай реакция болгон эмес.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 11-мартында аталган объекттер электр жана суу камсыздоодон ажыратылган.
Эске салсак, бул объекттер жашыл зонада жайгашкан жана бул жерде Аламедин-1 кичи району жашоочулары үчүн кичи сквер куруу пландалууда.
Эгерде талаптар аткарылбаса, мыйзамда каралган тартипте демонтаж жүргүзүлөт.





