2026-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында өтүүчү «Акыл таймаш» интеллектуалдык турниринин экинчи сезонунун төртүнчү оюну өткөрүлдү. Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасында уюштурулду.
Интеллектуалдык оюнду өткөрүүнүн негизги максаты жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер арасында активдүү жарандык позицияны калыптандыруу болуп саналат. Турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем– дүйнөлүк бийиктик» доктринасын кабыл алуу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.
Интеллектуалдык таймашка Бишкек шаарындагы тогуз жогорку окуу жайдын командалары катышты:
К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;
Эл аралык Кувейт университети;
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
Кыргыз ислам университети.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы Консультативдик кеңеш жана «Агартуу лигасы» интеллектуалдык кыймылы биргелешип уюштурушту.
Интеллектуалдык турнирдин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун — К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети;
2-орун — Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;
3-орун — Кыргыз-Түрк «Манас» университети.
Турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.











