Административдик-аймактык реформанын алкагында милдеттерди ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык администрацияларда район башчыларынын кошумча орун басар штаттык бирдиктери киргизилди.

Ошентип, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Айбеков Марлен Айбекович дайындалды. Буга чейин ал Кара-Балта шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап келген.

Мындан тышкары, Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Манакеев Данияр Каныбекович дайындалды. Ал буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын контролдоо бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келген.

Тиешелүү буйруктарга  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Айбеков Марлен Айбекович

Манакеев Данияр Каныбекович