2026-жылдын 13-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамааты үчүн ооз ачар уюштурду.

Шаар башчысы келгендерди ыйык Рамазан айы менен куттуктап,  ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор тааныштырылды. Өнөктөштөрдүн колдоосу менен бул аймакта жаңы мечиттин имаратын куруу долбоорун ишке ашыруу башталат.

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечит боюнча реновация долбооруна ылайык, Гоголь көчөсү, 55 дарегинде жайгашкан учурдагы имарат авариялык абалда болгондуктан жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогондуктан, аны бузуу каралган.

Долбоорго ылайык, жер алдындагы автотоктотмолору, бутиктери, кафеси, кампалары, административдик бөлмөлөрү жана даараткана (даарат алуучу жайлары) бар заманбап эки кабаттуу мечит курулат. Объекттин жалпы аянты 5 851,30 чарчы метрди түзөт. Намаз окуу залынын аянты 3 506,77 чарчы метр болуп, бир учурда 4 200 адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мэр Айбек Джунушалиев бардык жакшы ниеттер кабыл болуп, жаңы мечит адамдарга кызмат кылган, ыйманды жана руханий баалуулуктарды бекемдеген ыйык жайга айланышын каалады.

Иш-чаранын соңунда шаар башчысы жамаат менен бирге намаз окуп, ооз ачууга катышты.