Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 2026-жылдын башында өткөн APEX эл аралык турнирине 20дан ашык өлкөнүн атынан 1000ден ашык мыкты спортчу катышты.

«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары ар кандай курактагы категорияларда медалдарды жеңип алышты:
- Хегай Михаил - 3 алтын медаль;
- Петрашова Софья - 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль;
- Мусаев Санжар - 1 күмүш медаль.

APEX турнири июль айында Таиландда өтүүчү Азия чемпионатына тандоо этабы болуп саналат.