Бишкек шаарында, «T-CLUB» спорт комплексинде, 8-Март - Эл аралык аялдар күнүнө арналган GIRLS CUP эл аралык кыздар турнири өттү. Турнирге 14–17 жаштагы юниор кыздар катышты.

Мелдешке 48  спортчу катышып, алардын ичинде С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн теннис бөлүмүнүн эки тарбиялануучусу да чыгышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын чоң теннис федерациясы жана «T-CLUB» спорт комплекси.

ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары (14–17 жаштагы юниор кыздар):
•Мызаева Саара – 1-орун;
•Алимова Айкокул – 17-орун.