Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын жамааты борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча  жарыяланган эки айлыктын алкагында өтүп жаткан биринчи жазгы ишембиликке катышты.

Муниципалитеттин кызматкерлери Ч. Түлөбердиев атындагы парктын аймагын тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө өткөн жылдан калган жалбырактар, куураган бутактар жана тиричилик таштандылары алынды.

Эске салсак, Бишкек шаарында аймактарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Анын алкагында 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин борбор калаада  экологиялык абалды жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканаларды жана уюмдарды өткөрүлүп жаткан иш-чараларга кошулууга жана өздөрүнө бекитилген жана ага чектеш аймактарды иретке келтирүүгө чакырат.

Келгиле, Бишкек шаарыбызды биргеликте таза, жашыл жана көрктүү кылалы!