2026-жылдын 14-мартында Бишкекте шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча  жарыяланган эки айлык иш-чаранын алкагында биринчи жазгы ишембилик өткөрүлдү.

Иш-чарага 3 552 уюм жана 26 миңден ашык шаар тургуну катышты. Таштандыларды чыгаруу үчүн 42 даана атайын техника тартылып, алардын жардамы менен 178,58 тонна таштанды чыгарылды.

Ишембиликтин жүрүшүндө шаардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү. Катышуучулар аллеяларды, гүл бакчаларды жана сейил бактарды тазалашты, бак-дарактардын түптөрүн акташты, жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү, ошондой эле 16 841 погон метр ирригациялык тармактарды тазалашты.

Белгилей кетсек, көрктөндүрүү боюнча эки айлык иш-чара 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлөт. Анын алкагында борбор калаанын аймагында тазалоо, экологиялык абалды жакшыртуу жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган бир катар иш-чаралар ишке ашырылат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тазалыгына кайдыгер карабай, ишембиликке катышкан ар бир тургунга ыраазычылык билдирет. Мындай демилгелер экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоого ыңгайлуу, жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө өбөлгө түзөт.