2026-жылдын 28-февралынан 7-мартына чейин Казакстандын Кызылордо шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер Н. Ергешбаевдин жаркын элесине арналган тогуз коргоол боюнча ачык республикалык рейтингдик турнир болуп өттү.

Сынактарга эл аралык спорт чеберлери, Азия жана дүйнө чемпионаттарынын байге ээлери, ошондой эле Казакстан Республикасынын мыкты 20 спортчусу катышты. Жалпысынан 31 катышуучу эң мыкты деп таанылуу үчүн күч сынашты.

Спорттун улуттук жана стол үстүндөгү спорт түрлөрү боюнча ОРОБӨМдөн үч спортчу катышты.

Алардын ичинен Сыргак уулу Сырттан 3-орунду ээлеп, жогорку даярдыгын жана чеберчилигин көрсөттү. Турнирде биринчи жолу жасалма интеллект колдонулуп, ал 1-орунга ээ болду.

Ошондой эле, 13 жана 17 жаштагы тогуз катышуучу мол тажрыйба топтоп, келечектеги мелдештерде даярдык болду.