2026-жылдын 4- марттан 8-мартка чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын U-18 жаш курагындагы волейбол боюнча чемпионаты өттү.

Сынактарга өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар келип, балдар арасында 9 команда жана кыздар арасында 9 команда катышты.

Балдар арасындагы жыйынтыктар:
1-орун – Ош шаарынын командасы;
2-орун – Бишкек шаарынын командасы (ОРАБӨСОМ);
3-орун – Чүй облусунун командасы.

Кыздар арасындагы жыйынтыктар:
1-орун – Бишкек шаарынын командасы (ОРАБӨСОМ);
2-орун – Ош облусунун командасы;
3-орун – Баткен облусунун командасы.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана кубоктор менен сыйланышты.

Чемпионат жаш волейболчулардын спорт чеберчилигин бекемдөөгө, дени сак жашоо образын жайылтууга жана өлкө боюнча волейболду өнүктүрүүгө салым кошту.