2026-жылдын 8- мартынан 13-мартына чейин Бишкек шаарында 2014–2015-жылдары туулган балдар жана өспүрүмдөр арасында жашаган жери боюнча Жазгы спартакиаданын шаардык этабы аяктады.
Сынактар спорттун жети түрү боюнча өткөрүлдү: кичи-футбол, пионербол, балдар жеңил атлетикасы, дартс, аркан тартышуу, шахмат жана улуттук оюн үч тапан (чүкө).
Иш-чарага райондук этаптарда биринчи жана экинчи орунду алган командалар катышты. Жалпы катышуучулардын саны 424 бала болду.
Спорттун түрлөрү боюнча жеңүүчүлөр:
•Шахмат (кыздар арасында):
1-орун – Ленин районунун командасы;
2-орун – Свердлов районунун командасы;
3-орун – Биринчи Май районунун командасы.
•Шахмат (балдар арасында):
1-орун – Ленин районунун командасы;
2-орун – Биринчи май районунун командасы;
3-орун – Свердлов районунун командасы.
•Дартс боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Биринчи Май районунун командасы;
2-орун – Ленин районунун командасы;
3-орун – Свердлов районунун командасы.
•Үч тапан (чүкө) боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Свердлов районунун командасы;
2-орун – Ленин районунун командасы;
3-орун – Биринчи Май районунун командасы.
•Аркан тартышуу боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Биринчи Май районунун командасы;
2-орун – Октябрь районунун командасы;
3-орун – Ленин районунун командасы.
•Пионербол боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Ленин районунун командасы;
2-орун – Ленин районунун командасы;
3-орун – Свердлов районунун командасы.
•Кичи-футбол боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Свердлов районунун командасы;
2-орун – Биринчи Май районунун командасы;
3-орун – Октябрь районунун командасы.
•Балдар жеңил атлетикасы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Ленин районунун командасы;
2-орун – Ленин районунун командасы;
3-орун – Свердлов районунун командасы.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Сынактын уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.













