Бишкектеги «Жаштык» борбордук аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган ири масштабдагы иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарага шаардын муниципалдык ишканаларында иштеген 4800дөн ашуун кызматкер катышты.
Коноктордун арасында шаардык чарба департаментинин жана «Тазалык», «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт», «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкексууканал», «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери болду.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук каалады.
«Учурда «Тазалык», «Бишкек жашыл курулуш» жана «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги» ишканаларынын кызматкерлеринин айлык маянасы 50% га көбөйтүлдү. Мындан тышкары мурда жылына 2 жолу берилген сый акынын ордуна жылына 4 жолу сый акы берилет. Ошондой эле «Бишкексууканал» жана башка муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу маселеси каралууда.
Сиздердин эмгегиңиздердин маанисин жана шаардын өнүгүшүнө кошкон салымыңызды түшүнүү менен, сиздерди колдоо жана кошумча мотивация берүү максатында ушундай чечим кабыл алдык.
Биз өз тарабыбыздан сиздер үчүн татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө аракет кылабыз. Ал эми сиздерден Бишкекти кайрадан чыныгы жашыл шаарга айландыруу үчүн бардык күч-аракетиңиздерди жумшоону суранабыз.
Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм. Сиздер күн сайын Бишкек шаары үчүн түзүп жаткандай үйлөрүңүздөрдө дайыма тазалык жана тартип болсун», — деди калаа башчысы.
Иш-чаранын алкагында муниципалдык ишканаларга жаңы атайын техникалар тапшырылды:
22 даана техника — «Бишкекасфальтсервис» МИсине;
8 даана техника — «Бишкексууканал» МИсине;
8 даана техника — «Бишкекжарык» МИсине.
Ошондой эле «Тазалык», «Бишкекжарык», «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкексукканал», «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги», «Бишкек санитардык полигон» жана «Бишкекасфальтсервис» ишканаларынын мыкты кызматкерлери сыйланды. Аларга ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана кол сааттар тапшырылды.
Программанын өзгөчө бөлүгү катары иш-чарага катышкан кызматкерлер арасында байге ойнотулуп, Түркияга жана Ташкентке саякаттоого сертификаттар берилди.
Майрамдык иш-чаранын атмосферасын концерттик программа көркүнө чыгарып, анда белгилүү артисттер жана чыгармачыл топтор чыгармаларын тартуулашты. Сахнага Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Алтынай Нарбаева, Гульнур Сатылганова, Динара Акулова, ырчы Омар, «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли, Маликадина, ошондой эле кыргыз улуттук бийлерин аткарган «Семетей» бий ансамбли чыгышты.





















































