2026-жылдын 14-мартында Gym-n-Roll спорттук-көңүл ачуучу комплексинин базасында Шотокан каратэ-до «Bishkek Cup 2026» эл аралык турнири салтанаттуу ачылды.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов катышты.

Өз сөзүндө ал мындай эл аралык турнирлердин спортту өнүктүрүү жана жаштарды активдүү жашоого тартууда маанилүүлүгүн белгиледи. Мындай мелдештер спортчулар үчүн тажрыйба алмашуу аянтын түзүп, дени сак жашоо образын жайылтууга салым кошот деген пикирди айтты.

Турнир 14-марттан 15-мартка чейин өтөт. Мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки спортчулар жана 18 жаштан жогорку курактагы чоңдор катышат. Жалпы катышуучулардын саны болжол менен 700 спортчуну түзөт.

Мелдеш жеке жана командалык дисциплиналарда өтөт:
•Ката (атайын техникалык ыкмаларды көрсөтүү);
•Кумите (беттештер).

Турнирге Казакстандан команда катышып жана Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй областтары жана Бишкек шаарынан, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан спортчулар катышууда.

Мелдештин уюштуруучулары - Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Бишкек Шотокан каратэ-до федерациясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Шотокан каратэ-до федерациясы (SKIF).

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана призерлору медаль, диплом жана кубоктор менен сыйланышат. «Bishkek Cup» турнири акыркы төрт жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.