2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрдү.
Азыркы учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүү каралган эскиздик долбоор даярдалды.
Шаар башчысы «Айчүрөк» ЦУМунун жетекчилигине кайрылып, мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырды.
«Келгиле, мурунку каталарды кайталабайлы. Бүгүн силер аймакты кайра тосуп жатасыңар, эртең ал жерде бутиктер пайда болуп кетиши мүмкүн. Бул жерди шаар тургундары үчүн ачык кылып, коомдук эс алуу аймагын түзүү зарыл», — деп белгиледи мэр.
Мэр демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн акыркы долбоорду кийинки шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.
Ошондой эле шаар башчысы «Ташболот холдинг» компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен бул аймакта жөө адамдар үчүн жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр АйбекДжунушалиев шаардык кызматтарга бул долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Мындан тышкары Чүй проспектисинин боюндагы бардык объектилер, анын ичинде Beren Gold имараты да, борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керек.





