Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов «Жеңиш» ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул команда Бишкек шаарынын курама командасы катары ачык эл аралык “NAZZA CUP” турнирине катышууга жөнөп жатат.
Мелдештер 2026-жылдын 20-мартынан 23-мартка чейин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө директор спортчуларга ийгиликтерди жана шаарыбызды эл аралык ареналарда татыктуу көрсөтүүнү каалады.
Белгилеп кетсек, спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусу Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылат.



