2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарындагы «Диалог» шаардык маданият үйүндө «Аталар күнү» майрамына арналган салтанаттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага коноктор чакырылып, алардын катарында Эки жолку Европа чемпиону, төрт жолку дүйнө чемпиону болгон оор атлетика боюнча чемпион, 1980-жылкы XXII жайкы Олимпиадалык оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев да болду.

Майрамдык программа концерт менен коштолуп, конокторго музыкалык жана бий номерлери тартууланды.

Иш-чаранын алкагында сыйлоо аземи өтүп, «Жылдын мыкты атасы» номинациясында маданият жана дене тарбия боюнча секторлордун өнүгүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин, ошондой эле Шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери «Мыкты ата – 2026» грамоталары жана медалдары менен сыйланышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын маданият башкармалыгы менен Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан уюштурулду.