Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Арваз Ахмади 19 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн эл аралык бокстун World Boxing Futures Cup турниринде күмүш медаль жеңип алды. Турнир 2026-жылдын 15-мартында Бангкок шаарында (Таиланд) аяктаган.

Ахмади 70 кг салмак категориясында баштап, жалпы 40 спортчунун катышуусунда күч сынашты.

Кыргызстандык боксчу турнирге 1/16 финалдан катышып, төрт жолку беттештерден утуп, финалга чыкты. Ал финалга чейин Чехия, Венгрия, Англия жана Кытай спортчуларын жеңип өттү.

Финалда Арваз Ахмади казакстандык Бибарыс Ашырбай менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти атаандашынын пайдасына бөлүштүрүп берди.

Натыйжада Арваз Ахмади 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль менен сыйланып, Кыргызстандын атын эл аралык аренда татыктуу көтөрдү.