2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дордой базарынын ичиндеги инфратүзүмдү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бардык зарыл иштер аткарылды. Биз бизнеске каршы эмеспиз, тескерисинче – аны колдойбуз. Бирок бул өнүгүү башаламан жүрүшү керек дегенди билдирбейт. Соодагерлер үчүн да, шаардын тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл», — деп белгиледи калаа башчысы.

«Дордой» базарынын инфратүзүмүн жакшыртуунун  алкагында көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анын ичинде көлмөнүн айланасын тосуп, сейилдөө үчүн атайын жөө жүрүүчү аймак түзүү пландалууда.

Мындан тышкары, мэр базардын аймагындагы бардык унаа токтотуучу жайларды кайрадан муниципалитеттин балансына өткөрүп, төлөмдү QR-код аркылуу жүргүзүү системасын киргизүүнү тапшырды.

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков базардын аймагындагы жолдорду куруу иштери 2026-жылдын 1-апрелинен тарта башталарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев Свердлов райондук администрациясына, Муниципалдык мүлк башкармалыгына жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына бардык даярдык иштерин, анын ичинде тоскоолдук жараткан объекттерди демонтаждоо иштерин толук аяктоо тапшырмасын берди.