Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди жаркын жана жаңылануу майрамдарынын  бири — Ноорузду бирге майрамдоого чакырат.

2026-жылдын 21-мартында борбордук Ала-Тоо аянтында жазгы күн-түн теңелишине арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өтөт. Саат 11:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана конокторун салт-санааларга, маданиятка жана жазгы маанайга толгон бай, жаркын жана чыныгы майрамдык программа күтөт.

Күн бою аянт чыныгы маданий жана элдик салттардын борборуна айланат. Бул жерде «Ордо» аттуу этномаданий боз үйлөр тигилип, анда Кыргыз Республикасынын ар кайсы этносторунун өкүлдөрү конокторду өздөрүнүн улуттук каада-салттары, жашоо-турмушу жана элдик меймандостугу менен тааныштырышат.

Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлө турган атайын аянтча уюштурулуп, каалоочулардын баары мелдештерге катыша алышат.

Майрамдын алкагында колдонмо жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү да уюштурулат. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген усталар кол менен жасалган уникалдуу буюмдарын — улуттук зер буюмдарды, кийизден жасалган буюмдарды, килемдерди, сувенирлерди жана салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын сунушташат.

Майрамдык маанайды кыргыз  эстрадасынын  жылдыздары, чыгармачыл жамааттар жана артисттер катышкан чоң концерт толуктайт. Сахнада улуттук обондор, заманбап чыгармалар жана кооз бий номерлери жаңырып, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулайт.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт жана бул өзгөчө күндү бирге өткөрүүгө чакырат.