И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин стартап борбору тарабынан уюштурулган «START WAVE – 2026» студенттик стартап-хакатону болуп өттү. Иш-чара инновациялык идеяларды сунуштоо жана жаштардын ишкердик жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча болду.

Хакатондо КМУнун эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору Гүлназ Жалилова, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин жаштар иштери боюнча башкы адиси Анара Алымбекова, ошондой эле аталган департаменттин жаштар иштери боюнча Консультативдик кеңешинин төрагасы Данияр Бекишов катышты.

Хакатондун жүрүшүндө катышуучулар IT, билим берүү, технология жана социалдык инновациялар жаатындагы идеяларын жана долбоорлордун прототиптерин сунушташты. Командалар чечимдерди иштеп чыгуу, MVP-моделдерди түзүү жана долбоорлорун эксперттик жюриге презентациялоо боюнча иштешти.

Конкурстун жыйынтыгында:
•Гран-при – Кыргызско-Кытай факультетинин студенти Айзирет Алишеровдун «Кадам» долбоору;
•I орун – Искусство жана дизайн институтунун «SewSmart» долбоору;
•II орун – Enactus КГУнун «SentApp» долбоору;
•III орун – Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун «QR Bilim» долбоору.

Хакатондун негизги максаты – студенттердин инновациялык жана ишкердик потенциалын өнүктүрүү, университетте стартап маданиятын калыптандыруу жана студенттик идеяларды реалдуу долбоорлорго айландыруу үчүн шарт түзүү болду.

Иш-чаранын уюштуруучусу – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин стартап борбору.