Профсоюз көчөсүнүн уландысынын курулушуна байланыштуу Бишкек шаарында жол куруу долбооруна тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн эки тарабында жайгашып, муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктоо жана алып салуу иштерин улантууда.
Өткөн жума ичинде Профсоюз көчөсүндө төмөнкү объектилер демонтаждалды:
* капиталдык тосмолор — 58 даана;
* капиталдык фундаменттер — 17 даана;
* жеңил типтеги тосмолор — 41 даана;
* ажатканалар — 22 даана;
* чарбалык курулуштар — 14 даана;
* күркөлөр — 2 даана;
* контейнер — 1 даана.
Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.








