Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиев тарабынан берилген тапшырманын негизинде жер мунапысын ишке ашыруу боюнча активдүү иштер уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген объектилерди кароону улантууда.
Биринчи Май районунун комиссиясы тарабынан 77 материал жактырылды. Ленин районунун комиссиясы тарабынан 68 материал жактырылып, тиешелүү токтомдорду даярдоо үчүн райондук администрацияга жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.

