Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы менен биргеликте коомдук транспорттун үзгүлтүксүз кыймылына тоскоолдук жараткан унааларды аныктоо максатында рейд өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө автобустардын ички санитардык абалы, айдоочулардын аялдамаларда  токтоо тартибин сактоосу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү коопсуз жана туура түшүрүп-чыгаруу эрежелеринин аткарылышы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында максатсыз аялдамаларда жана жолдун ортосунда токтоп, коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жараткан айдоочуларына карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тартип бузгандарга тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Урматтуу шаар тургундары жана унаа ээлери! Коомдук транспортко тоскоолдук жаратпоону жана  аялдамаларда унааңыздарды себепсиз узак убакытка калтырбоону жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз.