2026-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында социалдык мекемелерди колдоого багытталган «Мээрим» кайрымдуулук акциясы өттү.

Акция «Shanghai Construction Engineering Co. LTD» компаниясынын жана «Жибек жолу. Маданий өнүгүү» гезитинин редакциясынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү «Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн стационардык социалдык мекемесинде жана «Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборунун базасында өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гульнара Акимбаева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Дунканаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова, ошондой эле 9 социалдык мекеменин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле ардактуу коноктордун катарында «Shanghai Cooperation» компаниясынын башкы директору Хуанг Жианжун мырза, «Жибек жолу» редакциясынын директору Янг Хай Бо мырза жана укуктук маселелер боюнча директордун орун басары Даулет Мейманкулов катышты.

Акциянын алкагында «Үмүт үйү» социалдык мекемесине жана "Айданек" турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборуна  азык-түлүк топтомдору, гигиеналык каражаттар жана тиричилик техника тапшырылды. Калган социалдык мекемелерге жардам алардын жайгашкан жерлерине даректүү түрдө жеткирилет.

Расмий бөлүктө катышуучулар тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган жарандарга жардам көрсөтүүгө багытталган мындай демилгелердин өзгөчө мааниси, ошондой эле коомдо боорукерлик, социалдык жоопкерчилик жана өз ара жардамдашуу принциптерин өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Рамазан айында өткөрүлгөн бул акция иш-чарага өзгөчө руханий маани берип, муктаж адамдарды колдоодо мамлекеттин, бизнестин жана коомдун биримдигин чагылдырды.