«Мээрим» кайрымдуулук акциясынын алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гульнара Акимбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Дунканаевди социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Үмүт үйү» карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине баруу уюштурулуп, анда жашоочулардын жашоо шарттары жана социалдык тейлөө деңгээли менен таанышышты.

Ошондой эле «Айданек» турмуштун оор кырдаалында турган балдарды реинтеграциялоо борборуна баруу учурунда балдардын жашоо шарттарына, аларды реабилитациялоого, социалдык адаптациясына жана коомго интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, катышуучулар мекемелердин материалдык-техникалык абалы жана социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн уюштурулушу менен таанышты.

Жыйынтыгында улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарга системалуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.