Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Анкара көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы текшерилип, ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү көзөмөлгө алынды. Мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо жана шаардык чөйрөнү тартипке келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын өкүлдөрү, Свердлов жана Октябрь райондорунун акимиаттарынын жетекчилери жана орун басарлары, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы, ошондой эле «Тазалык», «Бишкек жашыл курулуш», «Бишкекжарык», «Бишкекасфальтсервис» жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
-Ауэзов көчөсүнүн батыш тарабында Анкара көчөсүнөн Шабдан Баатыр проспектисине чейин гүл бакча куруу;
-Сагымбай Манасчы көчөсүндө Ауэзов көчөсүнөн Чолпон-Ата көчөсүнө чейин гүл бакча куруу;
-дарактарды отургузуу;
-мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо;
-таштандыны сорттоо пункттарын куруу;
-электр берүү линияларынын тирөөчтөрүн демонтаждоо;
-аталган тилкедеги тротуарларды титулдук тизмеге киргизүү;
-жарыктандыруу орнотуу.
Бул чаралар шаардык инфраструктураны системалуу түрдө жакшыртууга, коопсуздукту жогорулатууга жана борбор калаанын тургундары үчүн ыңгайлуу, көрктөндүрүлгөн шарттарды түзүүгө багытталган.




